Биз менен байланышыңыз

Республикалык айтыш: баш байгени Идирис Айитбаев жеңип алды

Кыска кабар | 20 Июн 2021 | 3233 | 0

Бүгүн, 20-июнда КРнын жана СССРдин эл артисти, Казакстандын калк артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, залкар төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына жана «Айтыш» коомдук фондунун 20 жылдыгына арналган республикалык айтыш өттү.

Айтыштын тандоо туру кечээ, 19-июнда «Манас» кинотеатрында өткөн. Ага 48 акын катышып, алардын ичинен эң жогорку упай алган 12 акын айтышка жолдомо алышкан. Бүгүнкү айтышта төкмө акындар Акматбек Султан уулу — 60 упай, Жылдызбек Төрөканов — 60 упай, Идирис Айтибаев — 60 упай, Кубат Тукешов — 59 упай менен финалга чыкты. Финалда Акматбек Султан уулу менен Жылдызбек Төрөканов, Идирис Айитбаев менен Кубат Тукешов айтышты. Жыйынтыгында баш байгени төкмө акын Идирис Айитбаев жеңип алды. Ал эми 1-орун Акматбек Султан уулу, 2-орун Жылдызбек Төрөканов, 3-орун Кубат Тукешов болду.

Баш байгени жеңип алган Идирис Айитбаев алган сыйлыгын «Илим алууга жумшайм», — деп билдирди.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM