Биз менен байланышыңыз

Марипов суунун маанилүүлүгүн айтып, кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 20 Июн 2021 | 529 | 0

Бүгүн, 20-июнда өлкөдө «Суу чарба кызматкерлеринин күнү» белгиленүүдө. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Марипов, сугат суусуз айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жана мыкты түшүм алууга мүмкүн эмес, бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун маанилүү бөлүгү болуп саналарын баса белгиледи.

Ал бүгүнкү күндө, кургакчылык шартта, дыйкандардын сугат сууга таңкыс болуп турган учурда суу чарба кызматкерлердин эмгеги абдан маанилүү деп белгиледи.

«Министрлер Кабинети ирригациялык тармактарды жана каналдарды өнүктүрүү зарылдыгына маани берүү менен алдыга коюлган милдеттерди чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Жакынкы арада биздин алдыбызда сугат суу көйгөйүн чечүүгө, ирригациялык тармактарды оңдоого жана сугат жерлердин аянтын жогорулатууга жөндөмдүү жаңы каналдарды курууга багытталган биргелешкен иш турат. Ошол эле учурда тамчылатып сугаруу, жаңы скважиналарды казуу, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу ыкмасын активдүү пайдалануу менен тармактагы жаны технологияларды өнүктүрүү зарыл», — деп билдирди Марипов.

Ал ушул майрам күну бардыгына чың ден соолук, бакубаттуулук, тынчтык, иштерине албан-албан ийгиликтерди каалап, майрамы менен куттуктады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM