Connect with us

21-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 20 Июн 2021 | 615 | 0

Кыргызгидрометтин берген маалыматы боюнча, 21-июнда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, түздүк аймактарында жаан-чачын болбойт.

Ал эми күндүз өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11 … +16, күндүз + 25 … +30;

Талас облусунда түнкүсүн + 8 … +13, күндүз +24 … +29;

Баткен облусунда түнкүсүн +14 … +19, күндүз +30 … +35;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн + 14 … +19, күндүз +30 … +35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6 … +11, күндүз +19 … +24

Нарын облусунда түнкүсүн +3 … +8, күндүз +18 … +23 градус ысык болот.

Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүшү мүмкүн, күндүз жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +13… +15, күндүз +28… +30 градус ысык болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM