Connect with us

Ветеринардык дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө программасы иштелип чыкты

Кыска кабар | 20 Июн 2021 | 455 | 0
Кыргызстанда ветеринардык дары-дармектерди көзөмөлдөө боюнча электрондук программа иштелип чыкты. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул IT продукт инспекторлорго, жеке ветеринарларга жана фермерлерге малдын ыланын билүүгө, кандай ветеринардык препарат сайылганын, электрондук рецептер аркылуу дары-дармектердин сатылышын жана колдонулушун көзөмөлгө алат.
Аталган программа Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбору Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен биргеликте Германиянын эл аралык кызматташуу коомунун колдоосунун негизинде иштелип чыкты.
«17-майда Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда программалык камсыздоону пилоттук негизде сыноо өткөрдү. Аталган программалык камсыздоо ветеринардык дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө функциясын толугу менен ишке ашыруу үчүн иштелип жатат», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM