Биз менен байланышыңыз

Казакбаев Украинанын ТИМ башчысы менен жолугушту

Кыска кабар | 20 Июн 2021 | 531 | 0

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев «Анталья дипломатиялык форумуна» катышууда. Анын алкагында Казакбаев Молдова Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучусу, тышкы иштер жана европага интеграциялоо министри Аурелей Чокой жана Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматы билдирет.

Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар жогорку деңгээлдеги байланыштарды жана соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссияны жаңыртуу зарылдыгын белгилешти. Өлкөлөрдүн соода жүгүртүүнү көбөйтүү, айыл чарба, логистика жана ишкер байланыштар жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар деп макулдашышты.

Руслан Казакбаев Кыргызстандын Инвестициялар министрлигинин түзүлгөндүгүн, бизнес-форумду уюштуруу боюнча даярдык иштери тууралуу маалымат берип, кыргыз-молдова жана кыргыз-украин министрлер аралык консультацияларын калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Жолугушуунун аягында министрлер бири-бирин расмий сапар менен келип кетүүгө чакырышты.

Белгилей кетсек, аталган форумга Азиянын, Африканын, Европанын жана Латын Американын 40тан ашуун өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, тышкы иштер ведомстволорунун башчылары, эл аралык уюмдар, саясатчылар, саясат таануучулар, эл аралык ишкер чөйрөлөрүнүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM