Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирус 730 адамдан аныкталып, 6 бейтап каза болду

Кыска кабар | 20 Июн 2021 | 1033 | 0

Кыргызстанда 20-июнга карата коронавирус дагы 730 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Алар Бишкек шаарында – 312, Ош шаарында – 100, Чүй облусунда – 74, Ош облусунда – 74, Талас облусунда – 13, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 68, Баткен облусунда – 65 адамдан илдет табылган.

Ошол эле учурда бир суткада 344 адам илдеттен сакайган.

Мындан сырткары сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 375 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 611 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 547 бейтаптын абалы орто оордукта, 709 адамдын абалы оор жана 99 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 27 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада стационардан 4, үй карантининен 9 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 5 миң 85 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 747 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 115 миң 030 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 105 миң 050 киши айыгып чыкса, 1 миң 931 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM