Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Toyboss Night Run-2021» түнкү марафону өттү

Кыска кабар | 20 Июн 2021 | 507 | 0

Кечээ, 19-июнда Бишкекте жыл сайын өткөрүлүүчү «Toyboss Night Run-2021» түнкү марафону болуп өттү. Иш-чаранын ачылышына Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Бул тууралуу иш-чаранын  уюштуруучусу «Nomad Sport» маалымдады.

«Toyboss Night Run-2021» — Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлүп туруучу жалгыз түнкү марафон болуп саналат. Ага 14 жаштан жогору бардык спорт ышкыбоздору катышты.

Быйыл үчүнчү ирет өтүп жаткан бул марафонго 2000дей катышуучу келди. Мурунку жылдагы иш-чаралардан айырмаланып, бул ирет марафон социалдык аралыкты сактоо менен өткөрүлдү.

Старт «Аю-Гранд» соода борборунун алдында башталып, Ч. Валиханов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки жаңы салынган трассада чуркашты. Катышуучулар 5, 10, 21,1 км аралыкта жарышты.

Белгилей кетсек, марафондон түшкөн каражат Кара-Балта шаарындагы балдардын кризистик борборуна кайрымдуулук үчүн берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM