Биз менен байланышыңыз

Германиянын бийлиги да Инанды боюнча тынчсыздануусун билдирди

Кыска кабар | 20 Июн 2021 | 1051 | 0

«Сапат» эл аралык мектептеринин президенти Орхан Инандынын табылбай жатканына Германиянын бийлиги да тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу Deutsche Welle басылмасынын түрк тилдүү редакциясы жазды.

Маалыматта айтылгандай, Германиянын федералдык өкмөтү Кыргызстандын бийлигине кат жолдогон. Германиянын ТИМинин  статс-катчысы Мигель Бергердин билдирүүсүндө, Германия менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн өкүлдөрү Орхан Инандыга байланыштуу маселени талкуулаган. Анда Мигель Бергер Инандынын жоголушуна байланыштуу жагдай боюнча дагы деле эч нерсе ачыкталбаганына тынчсыздануусун билдирген.

Бирок Бишкекте 1-июндан бери дайынсыз болгон Орхан Инанды боюнча кыргыз бийлиги Германия менен сүйлөшүү өткөргөнү расмий маалымдалган эмес.

Эске салсак, 1-июнга караган түнү «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгону белгилүү болгон. Ал үйүнөн 31-майда саат 18:00 чамасында чыгып кеткен. Саат 21:00дө жубайы менен телефон аркылуу байланышкан. Түндө саат 4:20да милицияга Орхан Инанды дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM