Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына арналган республикалык айтыш өтөт

Кыска кабар | 20 Июн 2021 | 545 | 0

Бүгүн, 20-июнда СССРдин эл артисти, Казакстандын калк артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, залкар төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына жана «Айтыш» коомдук фондунун 20 жылдыгына арналган республикалык айтыш өтөт.

Айтыштын тандоо туру кечээ, 19-июнда «Манас» кинотеатрында өттү. Ага 48 акын катышып, алардын ичинен эң жогорку упай алган 12 акын эртеңки айтышка жолдомо алышты. Төмөндө тандоо турунан өткөн акындардын тизмеси:

  1. Идирис Айитбаев — 49 упай
  2. Баян Акматов — 49 упай
  3. Мамбеттокто Мамбеторозо — 49 упай
  4. Амантай Кутманалиев — 48 упай
  5. Азамат Болгонбаев — 48 упай
  6. Асылбек Маратов — 48 упай
  7. Болот Назаров — 48 упай
  8. Турат Жумаев — 47 упай
  9. Жылдызбек Төрөканов — 47 упай
  10. Кубат Тукешов — 45 упай
  11. Сапарбек Зулпуев — 44 упай
  12. Акматбек Султан — 44 упай

Жогоруда аталган акындардын өнөр таймашы, чоң айтыш Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 18:00дө башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM