Биз менен байланышыңыз

Казакбаев медициналык ЖОЖдорду «кара тизмеден» чыгарууну Пакистандан өтүндү

Кыска кабар | 19 Июн 2021 | 379 | 0

Анталия дипломатиялык форумунун алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Пакистандын Тышкы иштер министри Макдум Шах Махмуд Хуссейн Куреши менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүдө министрлер эки тараптуу кызматташуунун деңгээлин жогорулатуу, кезектеги Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий консультацияларды өткөрүү жана расмий иш сапарларды уюштуруу зарылдыгын белгилешти.

Руслан Казакбаев ошондой эле Кыргызстандын медициналык окуу жайларын Пакистан медициналык комиссиясынын «кара тизмесинен» чыгаруу маселесин карап көрүүнү өтүндү. Андан тышкары өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүүнү сунуштады.

Ал эми Куреши Карачи менен Гвадардагы деңиз портторунан Кыргызстандын пайдаланышына көмөк көрсөтүүгө Пакистан даяр экенин белгилеп, «Транзиттик транспорт боюнча ПИР-КЭР-КР-РК төрт тараптуу макулдашууну» активдештирүү зарылдыгын билдирди. Муну менен катар Руслан Казакбаевди расмий иш сапары менен Исламабадга келип кетүүгө чакырды.

Булардан тышкары АКШ аскерлерин Ооганстандан чыгарып кеткенине байланыштуу терроризмге, баңги сатууга биргеликте каршы туруу, аймактык коопсуздук маселесине чогуу көңүл буруу маселеси сүйлөшүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM