Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы кызматкерлердин 50%ын аралыктан иштөөгө өткөрүүнү сунуштайт

Кыска кабар | 19 Июн 2021 | 646 | 0

Бишкек шаарынын мэриясы борбордогу коронавирустук кырдаалдын начарлашына байланыштуу муниципалитет уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга, менчигинин түрүнө карабастан, кызматкерлерин 50%ын аралыктан иштөө режимине өткөрүү сунушун берди. Сунуш мэриянын расмий сайтына жарыяланды.

Мэрия айрыкча, 60 жаштан жогору, өнөкөт оорусу бар (гипертония, кант диабети, өнөкөт респиратордук оорулар, онкологиялык оору сыяктуу), кош бойлуу, эски оорусунан улам дарыланып жүргөн иммунитети алсыз кызматкерлерди үйдөн чыкпай иштөөсүнө шарт түзүп берүүнү карап көрүүгө чакырат. Белгилүү болгондой, бул чектөөлөр борбордун негизги иштерин аткаргандарга (тазалык, жашылдандыруу, эл ташуу жана башка ушул сыяктуу) таасир этпейт.

Ошондой эле мэрия калаа тургундарын коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырып, эмдөө пункттары жекшемби күндөрү да иштей турганын эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM