Биз менен байланышыңыз

Эртеңки айтышка 12 акын тандалып алынды

Кыска кабар | 19 Июн 2021 | 651 | 0

Эртең, 20-июнда СССРдин эл артисти, Казакстандын калк артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, залкар төкмө Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына жана «Айтыш» коомдук фондунун 20 жылдыгына арналган республикалык айтыш өтөт.

Айтыштын тандоо туру бүгүн, 19-июнда «Манас» кинотеатрында өттү. Ага 48 акын катышып, алардын ичинен эң жогорку упай алган 12 акын эртеңки айтышка жолдомо алышты.

  1. Идирис Айитбаев — 49 упай
  2. Баян Акматов — 49 упай
  3. Мамбеттокто Мамбеторозо — 49 упай
  4. Амантай Кутманалиев — 48 упай
  5. Азамат Болгонбаев — 48 упай
  6. Асылбек Маратов — 48 упай
  7. Болот Назаров — 48 упай
  8. Турат Жумаев — 47 упай
  9. Жылдызбек Төрөканов — 47 упай
  10. Кубат Тукешов — 45 упай
  11. Сапарбек Зулпуев — 44 упай
  12. Акматбек Султан — 44 упай

Жогоруда аталган акындардын өнөр таймашы, чоң айтыш Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 18:00дө башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM