Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 20-июнда айрым аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 19 Июн 2021 | 325 | 0

Кыргызгидрометтин берген маалыматы боюнча, 20-июнда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, түздүк аймактарында жаан-чачын болбойт.

Ал эми күндүз өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13 … +18, күндүз + 23 … +28;

Талас облусунда түнкүсүн + 10 … +15, күндүз +22 … +27;

Баткен облусунда түнкүсүн +16 … +21, күндүз +29 … +34;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн + 16 … +21, күндүз +29 … +34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8 … +13, күндүз +17 … +22;

Нарын облусунда түнкүсүн +4 … +9, күндүз +16 … +21 градус ысык болот.

Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүшү мүмкүн, күндүз жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +15… +17, күндүз +26… +28 градус ысык болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM