Биз менен байланышыңыз

Бүгүндөн тарта экспортко чыга турган жашылчаларды маркирлөө башталат

Кыска кабар | 19 Июн 2021 | 751 | 0

Евразия Экономикалык Биримдигинин санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралары, толуктоолору ушул жылдын 19-майында күчүнө кирген. Ага ылайык, бүгүн, 19-июндан тарта ЕАЭБ аймагына чыга турган жашылчаларды маркирлөө башталат.

Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантинди химиялаштыруу департаментинин директорунун орун басары Болот Жуманалиев экспортко чыга турган өндүрүмдөрдү экспорттоо боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр, толуктоолор туурасында ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн белгилеп өттү.

Анын айтымында, мындан ары жашылча жүктөлө турган ящик-кутулар атайын зыянсызданыруудан (фумигация) өтүшү керек. Андан соң сыртына маркирлөө белгиси коюлуп, экспортко чыгарууга уруксат берилет. Эгер өндүрүмдүн атайын белгиси жок болсо, башка өлкө экспорттук товарды артка кайтарып жиберүүгө толук укуктуу.

Ошол эле учурда 5 килограммдан өйдөкү ар бир өндүрүмгө сертификат алынуусу зарыл. Андай болбогон учурда ашыкча товар үчүн калган жашылчалардын да сертификаты жараксыз болуп калат.

Белгилей кетсек, 18-майда ЕАЭБ алкагында экспорттоо учурунда помидор, баклажан, калемпир, картошкадан вирус табылган. Буга байланыштуу Евразия Экономикалык Кеңеши чечим кабыл алган. Чечимдин негизинде Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти помидорду, калемпирди, баклажанды жана картошканы, ошондой эле башка жашылча-жемиштерди ташып келүүгө жана ташып чыгууга байланыштуу карантиндик-фитосанитардык көзөмөлдү күчөткөн. Тактап айтканда, ар бир өтүп жаткан товар лабораториялык экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.

Учурда Бишкек жана Ош шаарларында эки лаборатория иш алып барууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM