Connect with us

Купешев: Министрликтин балансындагы мүлккө ээлик кылууга эч кимдин акысы жок

Кыска кабар | 19 Июн 2021 | 655 | 0

Билим берүү жана илим министрлигинин балансында турган кыймылсыз мүлктөр ушул тармактын гана кызыкчылыгында иштетилет, аларга ээлик кылууга министрликтен башка эч кимдин акысы жок. Мындай пикирин министр Болотбек Купешев Ак-Суу районундагы балдар үйүндө өткөн жолугушуу маалында билдирди.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, балдар үйүнүн администрациясы, ошондой эле айыл тургундары катышкан жолугушууда балдар үйүнүн келечеги талкуунун негизги темасына айланды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айрым тургундар балдар үйүн айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүүнү суранышты.

«Райондун борборунда балдар бакчасына муктаждык бар, эгер бул маселе жергиликтүү бийликтин пайдасына чечилип калса, имараттын бир бөлүгүн балдар бакчасы катары колдонолу дегенбиз», — дешти алар.

Өз кезегинде министр облуста мектеп маселеси курч экенин белгилеп, балдар үйү 2021-2022-окуу жылына карата толук кандуу иштеген жатак мектеп катары ачыларын, бул жерде алыскы айылдардан келген балдар да, жергиликтүү тургундардын балдары да билим алышарын билдирди.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев ушу тапта Ысык-Көл облусунда иш сапар менен жүрөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM