Биз менен байланышыңыз

Жогорку бийлик органдары арасында мини-футбол мелдеши өтүп жатат

Кыска кабар | 19 Июн 2021 | 290 | 0

Бүгүн, 19-июнда Акыйкатчы аппараты «Азаттык үнү» коомдук фонду жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбору менен биргеликте мини-футбол турнирин өткөрүп жатат. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Медеров көчөсү, 2Б дарегиндеги Кыргыз футбол союзунун стадионунда өтүп жаткан бул мелдеш кыйноолорго кабылгандарга колдоо көрсөтүүнүн эл аралык күнүнө арналат. Белгилей кетсек, аталган күндүн урматына арналган турнир 2014-жылдан бери уюштурулуп келет. Быйыл VII ирет өтмөкчү.

Турнирге төмөнкү курамда командалар катышат:

  1. Жогорку Сот
  2. Конституциялык Сот
  3. Жогорку Кеңеш
  4. Тышкы иштер министрлиги
  5. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети
  6. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы
  7. Акыйкатчы аппараты
  8. Адвокаттар ассоциациясы
  9. БУУнун Кыргызстандагы кеңсеси
  10. ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси
  11. «Азаттык медиа»,
  12. КТРКнын Спорт каналы,
  13. «ЭлТР» компаниясы
  14. Шоу-бизнес өкүлдөрүнөн куралган «Өнөр» командасы
  15. Атай Өмүрзаков башында турган «Адем» бийчилер тобу

Акыйкатчы аппараты турнирди өткөрүүнүн максаты кыйноолорго каршы күрөшүү аракеттерин бириктирип, мамлекеттик органдарды жана жарандык коомдун өкүлдөрүн адамгерчиликсиз, укук тебелеген көрүнүштөр менен биргелешип күрөшүүгө чакыруу, дегеле ушундай мыйзамсыз иштерге коомдун көңүлүн бурдуруу экенин белгилейт. 

VII турнир #Правосудие без пыток #Кыйноосуз акыйкаттык #Make Law NOT Torure лозунгдары алдында өтмөкчү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM