Биз менен байланышыңыз

Австрия менен Иранга жаңы элчилер дайындалды

Кыска кабар | 18 Июн 2021 | 271 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчилерин дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койду.

Президенттин жарлыктарына ылайык:

—  Турдакун Сыдыков Кыргызстандын Ирандагы элчиси жана Тегеран шаарындагы Экономикалык кызматташтык уюмундагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалды;

— Төлөндү Макеев Кыргызстандын Австриядагы элчиси, Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмундагы жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Ошону менен бирге президенттин башка жарлыктарына ылайык:

— Авазбек Абдуразаков Кыргызстандын Ирандагы элчиси жана Тегеран шаарындагы Экономикалык кызматташтык уюмундагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

—  Бакыт Жусупов Кыргызстандын Австриядагы элчиси, Кыргызстандын Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмундагы (ЕККУ) жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү, Вена шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Венгриядагы, Словениядагы, Словакиядагы жана Чехиядагы элчиси кызматынан бошотулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM