Биз менен байланышыңыз

Антониу Гутерриш кайра БУУнун баш катчысы болуп дайындалды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июн 2021 | 565 | 0

БУУнун Башкы ассамблеясы Антониу Гутерришти Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы кылып экинчи мөөнөткө дайындады. Бул тууралуу Башкы ассамблеянын бүгүнкү отурумунда анын төрагасы Волкан Бозкыр билдирди.

Гутерриш аталган кызматка жалгыз талапкер болгон. Мындан мурдараак анын талапкерлигин уюмдун Коопсуздук кеңеши колдоп, БУУнун Башкы ассамблеясына сунуштама жөнөткөн. Башкы ассамблея Коопсуздук кеңештин сунуштамасына кулак салбай койгон учур 1950-жылы гана болгон. Ага байланыштуу Гутерришти дайындоо тууралуу резолюция добуш берүүсүз бирдей колдоо менен кабыл алынган.

Антониу Гутерриш – португалиялык саясатчы. Ал 72 жашта. БУУнун башкы катчы кызматына 2017-жылы келген. Гутерриштин баш катчы катары экинчи мөөнөтү 2022-жылдын 1-январында башталат. Ал кызматта 2026-жылдын аягына чейин отурат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM