Биз менен байланышыңыз

«Кумтөр» Нарын облусун өнүктүрүү фондуна 0,6% кирешесин которуп турат

Кыска кабар | 18 Июн 2021 | 470 | 0

Нарын облусун өнүктүрүү фондуна «Кумтөр Голд Компани» дүң пайдасынын 0,6%ын которуп турат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ат-Башы районунун эли менен болгон жолугушууда билдирди.

Бүгүн, 18-июнда Жапаров Нарын облусуна иш сапар менен барган.

Шейшемби, 15-июнда президент Кумтөр кенинин иши менен танышуу үчүн барганда «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын эсебинен Нарын облусун өнүктүрүү фонду түзүлөрүн билдирген.

Кумтөрдүн эсебинен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду түзүлгөн. Ага аталган ишкана жылдык кирешесинин 1%ын которуп турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM