Connect with us

Жакырчылык. Жакында экономикада жылыш болбойт

Экономика | 18 Июн 2021 | 5807 | 0

Кыргызстанда жакырчылыктын реалдуу көрсөткүчү 80 пайызга жетип калды. Ал эми ортоңку катмар 10 пайыздын тегерегинде, калганы бай жашагандардын катмары болуп, ортодогу ажырым чоң болууда.

Улуттук статистика комитети өлкөдө жакырчылык 25 пайыздын тегерегинде экенин билдирсе, Дүйнөлүк банктын божомолу боюнча быйыл Кыргызстанда жакырчылык 35 пайызга жетиши мүмкүн.

Азык-түлүктүн кескин кымбатташы, жумушсуздук, киреше булактын жоктугу, саясий туруксуздук, экономикалык саясат жүргүзүлбөгөнү жакырлардын санын көбөйтүүдө. Кыргызстанда бүгүнкү күндө расмий маалыматтар боюнча 25 пайыз, иш жүзүндө 80 пайыз эл жакыр жашаганы айтылат. Бул улуттук генофондго катуу сокку берген көрсөткүч экенин эксперттер эскертет.

Жакыр деген ким? Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, күнүнө өзүнө 1,9 доллардан төмөн иштеткен адам жакыр болуп эсептелет.

2020-жылы жакырчылыктын көрсөткүчү 25,3% түздү. 2019-жылы 20,% болчу. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, жакырчылык шаарларда да, айылдарда да жогорулады.

Мурдагы Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров «Маралдын» 5+1 программасында маек куруп, өлкөдө социалдык ажырым чоң экенин айтты. Ал өкмөттүн жакырчылыкты жоюу боюнча программалары ишке ашпай жатканын сындады.

— Өкмөттө багыттуу, ырааттуу иш жок. 1 жылдык, 5 жылдык планын бекитет, бирок ошол иштерди жүзөгө ашыруу боюнча көргөн аракетке башка министрлик «акча жок» деген сыяктуу шылтоолор менен бут тосуп чыгат. Мен министр болуп турган кезимде мамлекеттен жөлөк пул алгандарга 1-2 жылдык жөлөк пулун топтоп туруп, кичинекей бизнес ачып берели деген сунуш киргиздим. Кээ бир жакыр үй-бүлөлөр 10-15 жылдап жөлөк пул алып жатып, мамлекеттен баш-аягы 2 миллион сомго жакын акча алыптыр. Ай сайын 800 сомдон берип туруу менен биз жакырчылыкты жоё албайбыз. Даяр балык бере бербей, кайырмак карматалы дедим. 100 тоок же үндүк сатып берсек, же 2-3 саан уй алып берсек, мамлекеттин мойнунда отура бербей, өздөрү да аракет кылмак. Бирок ал демилгемди «жөлөк пулга бөлүнгөн акчаны бизнеске жумшай албайбыз» деп жаратпай коюшту.

Бүгүн бизде жумуш орундарды түзүүгө эч ким жооп бербейт. 2 жылдай министр болуп турдум, өкмөттүк жыйындарда бир да киши губернатор же акимден «Канча жумуш орун түздүң?», «Жакырчылык канча болуп атат, бул багытта кандай программаң бар?» деп сураганын бир да жолу көргөн жокмун», — дейт экс-министр.

Учурда Кыргызстанда расмий түрдө 160 миңдей адам жумушсуз деп айтылат. Бирок иш жүзүндө алардын саны алда канча көп экени жашыруун эмес.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянсак, 2020-жылы айыл жерлеринде кедейчиликтин деңгээли 6 пайыздык пунктка, ал эми шаар жерлеринде 3,6 пайызга өскөн. Өлкөдө 1 млн 678 миң адам жакырчылыкта жашайт, анын 70 пайызы — айыл тургундары.

Жакырчылык Ош шаары менен Талас облусунан тышкаркы бардык аймактарда көбөйгөнү байкалган.

Жакырчылыктын деңгээлин эсептөө үчүн калктын кирешелеринен түздөн-түз көз каранды болгон керектөө наркы колдонулат. 2020-жылдагы калктын адам башына эсептегендеги колдо болгон акчалай кирешелери айына 5 миң 625 сом болгон. 6,5 млн элдин 10%ы өтө жакыр болуп, бир адам өзүнө бир айда 1276 сом иштетет.

Эксперттер бул — кооптуу, улуттук генофондго катуу сокку берген көрсөткүч экенин айтышат.

Тез арада аткара турган иштер

Экономист Эрлан Камалов өкмөттүн экономикалык саясаты чаржайыт экенин, азыр «өрт өчүргүчтүн» ролун аткарып калганын белгилейт. Башкача айтканда, ыргактуу багытка түшө албай жатат.

Жакырчылыктан чыгуу үчүн улуттук долбоорлорду ишке ашыруу керек. Инвесторду сырттан издебей, ички бизнести шыктандыруу зарыл.

— Эгер дүйнөлүк экономиканын тажрыйбаларына карап көрсөк, мисалы, 1929-33-жылдары «Улуу депрессия» деген кризис болгон. Анда 25 миллиондон ашык адам жумушсуз калган. Ошондо дүйнө мамлекеттери, анын ичинде Америка чоң долбоорлорду баштап, жумуш ордун түзгөн. Ошол эле канал куруу, суу жеткирүү, магистраль, темир жолдорду куруу сыяктуу иштерди башташкан. Жумушсуздарга жөлөк пул берип эле отурбай, иштетип, эмгек акы төлөйлү деген саясатты жүргүзүшкөн. Биз да ушундай жолду карасак болот.

Мисалы, азыр ГЭСтерди курабыз, суу чыгарабыз, канал курулушу деп жатабыз, жол куруу жана башка иштерге өз жарандарыбызды тартышыбыз керек. Ушундай улуттук долбоорлор жасалса жакшы болмок. Инвестор десе эле сырттан келген, өңү-түсү башка адамдар инвестор болот деп күтүп отурбай, жергиликтүү ишкерлерди шыктандырып, дем берип, ошолордун инвестициясын пайдалануу керек.

Бирок өлкөдө жумуш ордун түзгөн ишкана, компаниялары бар ишкерлерге басым күчөгөнүн укук коргоочулар айтып жатышат. Акыркы камоолор тууралуу айтсак:

-«Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси Генрих Балян алдамчылыкка шектелип, мамлекетке 60 млн сом төктү.

-Мурдагы депутат Кубанычбек Жумалиев 1 миллиард сомдон ашык акчага бааланган коммерциялык активдерин жана кыймылсыз мүлкүн мамлекетке өткөрүп берген.

-Буга чейин мамлекетке 100 млн сом жардам кылган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов башка иш боюнча кайра камакка алынды.

-Ишкер Сергей Ибрагимов өз эрки менен 100 млн сом төктү.

-Мыйзамсыз баюуга шектелген Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов 50 млн сом төгүп берди.

Экс-депутат Улукбек Кочкоров ишкерлерге болгон мамиле тууралуу мындай ойду бөлүштү.

— Жумушсуздук күчөгөн, социалдык ажырым чоң болгон мамлекеттерде нааразылыктар күчөй берет. Элестетиңиз, кошунаң дүңгүрөтүп той берип жатса, минген машинасы 150 миң доллар. Сен болсо күнүмдүк жегениңе, балдарыңа таппай жатасың. Албетте, бул коом ичинде ар кандай тирешүүлөрдү жаратат.

Мына бүгүнкү күндө байларды камап, акчасын өндүрүү тренд болуп калды. Бул элдин басымдуу бөлүгүнө жагып жатат. Себеби алардын ичинде «эмне үчүн алар бай, биз мындайбыз…» деген ызасы бар. Бул жакшылыкка алып келбейт. Кеп акчада эмес, балким, ошол ишкерге 100 млн сом акча деле эместир, кеп принципте. Биз ушундай мамиле кыла берсек, бай адамдар бизнесин сыртка алып чыгып кетип, биздин аксап жаткан экономикабыз дагы сызга отуруп калышы мүмкүн.

Кыргызстан элине эң кымбат акча сунуштаган өлкө

Экономист Кубан Чороев Кыргызстандын экономикасындагы талылуу маселелердин бири – туура эмес тандалган акча системасы экенин айтып келет. Себеби Дүйнөлүк банктын рейтинги боюнча Кыргызстан элине эң кымбат акча сунуштаган мамлекеттердин катарында 6-орунда.

Демек, өлкөнүн экономикасы акча менен камсыз болгон эмес. Мындан 20 жыл мурун ички дүң өнүмдүн көлөмү миң доллардын тегерегин түзсө, бүгүн да ошол абалда.

Кыргызстан дүйнөдөгү инвесторлорго ишенич жаратпайт

Саясий туруктуулуктун, кепилдиктин жоктугу инвестициялык климатты жараксыз абалга алып келди. Акыркы 20 жыл ичинде дүйнөдөгү репутациясы чоң белгилүү банктар, же компаниялардын өкүлчүлүктөрү ачылган эмес.

Экономикадагы үч критерий

Дүйнөлүк экономикада калктын жашоосу үч критерий менен аныкталат. Насыялардын арзандыгы, жумушсуздуктун деңгээлинин төмөндүгү жана ички дүң продукциянын киши башына канчалык өскөндүгү.

Кыргызстанда ушул багыттан караганда бүгүн эле эмес, 30 жылдан бери өзгөрүү жок экенин экономисттер айтышат. Кубан Чороев акча системасын туура жүргүзүү — экономикага канчалык таасир этерин түшүндүрдү.

Арап мамлекеттериндегидей валюталык башкаруу системасын киргизишибиз керек. Валютабызды араңжан экономикабызга байлабай, дүйнөдөгү күчтүү валюталар – доллар же еврого байлоо керек. Же болбосо, алтын фонд системасын — параллелдүү валютаны киргизүү керек. Башкача айтканда, алтынга байланган акча десек болот.

Кыргызстанда сомдун курсу эркин экономикада талапка жараша аныкталып жатат. Биз валюталык башкаруу системасына кирсек, сомдун курсу Улуттук банктын резервдерине байланат. Туруктуу бир курс болуп, рыноктогу абал өзгөрсө да, кризис болсо да, туруктуу сакталат. Арап өлкөлөрүндө ушундай.

Бизде 3 миллиард долларга жакын резерв бар. Бирок биз бүгүн өлкөдөгү сомдун массасын доллардын курсуна бөлсөк, 2 миллиарддын тегерегинде болуп калат. Демек, бизде 1 млрд долларга жакын акча пайдасын тийгизбей, жүгүртүүгө чыкпай, Улуттук банкта жатат. Банк азыркы системасы менен ал резервди элдин пайдасына иштете албайт. Ал үчүн валюталык башкаруу системасы керек.

Жакынкы жылдары экономикада жылыш болбойт

Жакырчылыктан чыгуунун дагы бир жолу элди жапырт эмдөөдөн өткөрүп, экономиканы жандандыруу керек деп айткандар да бар. Себеби пандемиядан улам чет мамлекеттерден туристтер гана эмес, инвестиция, товарлардын агымы да азайды.

Бирок сыйкырчынын таякчасы да өлкөнү экономикалык сыздан дароо куткарып кете албай турганы белгилүү.

Экономика илимдеринин доктору, профессор Чолпон Алкадырованын баамында, бийлик саясатты артыкчылыктуу багыт катары көргөн үчүн жакынкы беш жылда комплекстүү өнүгүү болбойт.

— Негизи бардык мамлекеттерде экономика биринчи, саясий маселелер экинчи орунда турат. Бизде тескерисинче болуп жатат. Коррупция менен күрөшөбүз, шайлоолорду өткөрөбүз, Конституцияны өзгөртөбүз деп жатып, экономика такыр каралбай калды. Жок дегенде экөөнү чогуу кароо керек эле.

Эми азыр аркы тешикти бир жамап, кайра башка жагына чоюп отуруп, системалуу түрдө оңолуп кетпей жатат. Биз азыр тешиктерди жамоо менен гана алек болуп жатабыз. Ошондуктан менин оюм боюнча, жакынкы 5-6 жылдын ичинде экономикада жылыш болбойт. Аткаминерлер канчалык жакшы аракет кылганы менен натыйжасы дароо көрүнбөйт. Системалуу түрдө биринин артынан бири жасалышы керек.

Дүйнөлүк банктын болжолу боюнча, Кыргызстандын экономикасы быйыл жыл соңунда 3,8%га чейин жогорулашы мүмкүн. 2021-жылдын январь-апрель айларында «Кумтөрдү» эске албаганда, реалдуу ички дүң продукциянын өсүшү 1,1 пайызды түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM