Биз менен байланышыңыз

Муфтийдин милдетин аткаруучу «Хидаят» экстремизмге каршы борбордун директору менен жолугушту

Кыска кабар | 18 Июн 2021 | 408 | 0

Бүгүн, 18-июнда муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Бириккен Араб Эмираттарындагы «Хидаят» экстремизмге каршы күрөшүү эл аралык борборунун директору Али Рашид Аль-Нуайми менен жолугушту. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Жолугушууда Муфтият менен аталган уюмдун кызматташуусу, дин кызматкерлерди окутуу, китептерди басып чыгаруу, тажрыйба алмашуу жана экстремизмге каршы күрөшүү маселелери талкууланган.

«Өлкө аймагында 2 миң 800 дин кызматкери, 113 окуу жайыбыз бар. Бүгүнкү күндө Ханафий мазхабы боюнча облустук казыяттарда окутуулар уюштурулуп, дин аалымдары сабак берүүдө. Максатыбыз: ыймандуу коомду тарбиялап, калкыбызды терс диний агымдардан оолак кылуу», — деди Шергазыев.

Тараптар дин кызматкерлеринин фатва берүү, зекет жана вакф тармагындагы тажрыйбасын арттыруу жаатында окутууларды уюштурууну макулдашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM