Биз менен байланышыңыз

Парламентте Казат Акматовдун 80 жылдыгына арналган конференция өттү

Кыска кабар | 18 Июн 2021 | 387 | 0

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеште жазуучу, драматург, сценарист, коомдук ишмер маркум Казат Акматовдун 80 жылдыгына арналган илимий-тажрыйбалык конференция өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, легендарлуу парламенттин депутаттары, Казат Акматовдун туугандары катышты. Алар Казат Акматовду жылуу эскеришип, анын адамдык бийик сапаттары, ата мекендик адабиятка кошкон салымы тууралуу сөз кылышты.

Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Казат Акматов 1941-жылы Ысык-Көл районунун Бостери айылында туулган. Ал «Мезгил», «Күндү айланган жылдар», «Мунабия», «Архат» сыяктуу атактуу чыгармалардын автору. 1978-жылы «Эки сап өмүр» повести Островский атындагы Бүткүл союздук адабий сыйлыкка татыган.

Ал коомдук-саясий иштерге да жигердүү аралашып, СССР Жогорку Советинин, Жогорку Кеңештин алгачкы чакырылышы — легендарлуу парламенттин депутаты болгон. Кыргыз Республикасынын өз алдынча эгемен мамлекет болуп жарыяланышына түздөн түз таасир эткендердин алдыңкы катарында турган. Алгачкы парламентте мамлекеттик символдор боюнча комиссияны жетектеп, эгемен Кыргызстандын атрибуттары — герб, гимн, тууну кабыл алдырууда өзгөчө эмгек сиңирген. Кийинчерээк Президенттин алдындагы басма сөз маселелери боюнча коомдук палатаны, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияны жетектеген.

Казат Акматов 1941-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал 2015-жылы 74 жаш курагында каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM