Биз менен байланышыңыз

Японияда Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына 10 миңдей көрүүчүнү киргизүү сунушталууда

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июн 2021 | 577 | 0

Япония Өкмөтү Токиодогу Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына жалпы 10 миңге жакын көрүүчү киргизүүгө уруксат берүүнү пландап жатат.

Өкмөт Токиодогу Олимпиада оюндарын уюштуруу комитети, Эл аралык Олимпиада комитети жана башкалар менен жолугушуу өткөрүп, бул маселе боюнча расмий чечим кабыл алат.

Эскерте кетсек, Токиодогу Олимпиада (ошондой эле Паралимпиада) оюндары былтыр өткөрүлүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырылган. Быйыл Олимпиада мелдештери 23-июлдан 8-августка чейин, ал эми Паралимпиада 24-августтан 5-сентябрга чейин өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM