Биз менен байланышыңыз

Бишкектен Балыкчыга поезд каттай баштады

Кыска кабар | 18 Июн 2021 | 580 | 0

Бүгүн, 18-июндан тарта Бишкектен Балыкчыга поезд каттай баштады. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын билдиришти.

Поезд Балыкчыга жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттап турат.

«Поезд «Бишкек-1» станциясынан эртең мененки саат 07:00дө чыгып, Балыкчыга саат 11:59да жетет. Кайра ошол эле күнү саат 17:15те Бишкекке чыгып, борбор калаага саат 22:03тө келет», — деп айтылат маалыматта.

Билеттин баасы 5-10 жаштагы балдар үчүн 34 сом, 10 жаштан баштап 69 сомду түзөт. 5 жашка чейинки балдардан акы алынбайт.

Пандемияга байланыштуу беткапсыз жарандар поездге түшүрүлбөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM