Биз менен байланышыңыз

Иранда президенттик шайлоо өтүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июн 2021 | 595 | 0

Бүгүн, 18-июнда Иранда президенттик шайлоо өтүүдө. Бул тууралуу «ТАСС» агенттиги жазды.

Шайлоо жергиликтүү убакыт боюнча эртең менен саат 07:00дө башталган. Өлкөдө 66 миң 800гө жакын шайлоо тилкеси ачылган. Ошондой эле чет жерде жүргөн жарандар да добуш бериши үчүн 133 мамлекетте 234 шайлоо тилкеси иштеп жатат.

Иранда 52,31 млн жаран шайлоо укугуна ээ.

Президенттик кызматка саясатчы Мухсин Ризаи, Жогорку Соттун төрагасы Ибрахим Раиси, парламенттин төрагасынын орун басары Амир Хусейн Казизаде Хашими жана Борбордук банктын мурдагы төрагасы Абдулнасер Хаммати талапкер болгон.

Ирандын азыркы президенти Хасан Роухани өз кызматында эки мөөнөт катары менен отургандыктан шайлоого катышкан жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM