Биз менен байланышыңыз

Энергетика министрлиги Өзбекстанга дизель майын экспорттоого уруксат берүүнү сунуштоодо

Кыска кабар | 18 Июн 2021 | 301 | 0

Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлиги Өзбекстанга дизель майын экспорттоого уруксат берүүнү сунуштоодо. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылган.

Токтомдо Кыргызстандын мунай заводдоруна коңшу мамлекетке дизель майын сатуусуна уруксат берүү сунушталып жатканы айтылат.

Документте жазылгандай, акыркы мезгилде ички рынокко сырттан алынып келген мунайзаттын көбөйгөнү байкалууда. Бирок рынокто суроо-талапка караганда сунуш көп болуп жатат.

Ошол эле учурда сырттан алынып келген дизелдин сапаты менен баасы Кыргызстанда өндүрүлгөнгө караганда жакшы болгондуктан, ата мекендик майга суроо-талап болбой калууда.

Дизель майынын аз сатылышынан улам, мунай аводдордун резервуарларында май топтоло баштаган. Бара-бара орун калбай, ал нерсе чийки мунайды кайра иштетүүнү токтотууга алып келиши мүмкүн жана ал жагдай бул тармакка өз кедергисин тийгизет.

Мындан улам кыргызстандык мунайды кайра иштетүүчү заводдор Өзбекстанга дизель майын сатууга уруксат берүүнү суранган.

Эскерте кетсек, буга чейин Министрлер кабинетинин токтому менен мунайды жана мунайзатын ЕАЭБ аймагынан тышкары экспорттоого тыюу салынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM