Биз менен байланышыңыз

Эркин Адыловдун компаниясы Forbesˈтун «50 мыкты FinTech компания» рейтингинде экинчи болду

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июн 2021 | 791 | 0

Теги кыргызстандык Эркин Адылов негиздеген Behavox компаниясы Forbesˈтун «50 мыкты каржы технологиялык компания 2021» рейтингинде экинчи орунду алды. Бул тууралуу forbes.kz журналы жазды.

Forbes.com жазгандай, пандемия шартында Behavox компаниясынын программалык камсыздоосу банк, хедж-фонд жана жеке инфестициялык фирмаларга рыноктогу манипуляция, инсайдерлик соода, интеллектуалдык менчиктин уурдалышынан коргоого жардам берген.

Эркин Адылов 38 жашта. Ал Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан болот. Адылов Behavox компаниясын 2014-жылы негиздеген. Ошол эле жылы Улуу Британиянын жарандыгын алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM