Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Оору 653 адамдан табылып, 4 киши каза болду

Кыска кабар | 18 Июн 2021 | 413 | 0

Бүгүн, 18-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 653 адамдан табылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында — 269, Ош шаарында — 73, Чүй облусунда — 116, Ош облусунда — 74, Талас облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 15, Жалал-Абад облусунда — 69, Баткен облусунда — 32 адамдан коронавирус табылган.

Ошол эле учурда 372 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 4 адам каза болгон: Бишкекте – 3, Ош шаарында – 1.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 2 миң 206 адам, ал эми амбулатордук түрдө 3 миң 946 бейтап дарыланууда. Ооруканаларда дарыланып жаткандардын ичинен 18 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 1 миң 475 адамдын абалы орто оор, 618 киши оор жана 95 бейтап өтө оор абалда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 113 миң 430 учур катталды. Анын ичинен 104 миң 302 адам оорудан айыгып чыкты, 1 миң 920 бейтап каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM