Connect with us

«Ала-Тоо» аянтында заманбап милиция бөлүмү ачылды

Кыска кабар | 18 Июн 2021 | 797 | 0

Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында заманбап милиция бөлүмү ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Бөлүмдүн ачылышына Ички иштер министри Улан Ниязбеков, анын орун басары Октябрь Урмамбетов, Бишкек шаардык милициясынын башчысы Азамат Ногойбаев, ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов катышкан.

Жаңы ачылган бөлүм мурдагысынын ордуна тиешелүү шарттары каралып салынган. ИИМден белгилешкендей, мындай бөлүмдөрдү шаардын эс алуучу жерлеринде, борбордук бөлүктөрүндө ачуу пландалууда.

Бул иш-чаранын алкагында туристтик милицияга демөөрчүлөрдүн эсебинен алынган 10 электробайк тапшырылган.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM