Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан «тынчтыкты сүйгөн» өлкөлөрдүн рейтингинде 76-орунду ээледи

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июн 2021 | 795 | 0

Кыргызстан «тынчтыкты сүйгөн» өлкөлөрдүн рейтингинде 76-орунду ээледи. Рейтингди Экономика жана тынчтык институту (Institute for Economics & Peace, IEP) түзгөн.

Биздин коңшу мамлекеттердин ичинен Өзбекстан 90-орунда, Казакстан 67-орунда, Тажикстан 97-орунда жайгашкан. Рейтингде Түркмөнстан 109-орунда, Азербайжан 121-орунда турат.

Тизмеде 1-орунду Исландия ээлеген. Андан кийин «тынчтыкты сүйгөн» өлкөлөрдүн ондугуна Жаңы Зеландия, Дания, Португалия, Словения, Австрия, Швейцария, Ирландия, Чехия, Канада кирген.

Түндүк Корея, Венесуэла, Судан, Орусия, Борбордук Африка Республикасы, Ливия, Конго, Ирак, Сомали «тынчтыкты сүйбөгөн» өлкөлөр деп табылган.

Рейтингди түзүүдө коомдун тилектештиги, адам укуктарынын сакталышы, саясий жана экономикалык туруктуулук, абакта отурган адамдардын саны, терроризм коркунучу, коргонууга кетирген чыгымдары жана башка өлкөлөрдөгү согуштук иштерге катышуусу сыяктуу факторлор эсепке алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM