Биз менен байланышыңыз

Күзүндө Байден менен Си Цзиньпин жолугушу мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июн 2021 | 723 | 0

АКШнын администрациясы Жо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин жолугушуусун өткөрүүнү караштырып жатат. Бул тууралуу АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан билдирди.

Батыш ММКлары жазгандай, эки лидер октябрь айында Италияда өтө турган «чоң жыйырманын» (G20) саммитинде жолугуша алат. Ошол эле учурда ал экөө көзмө-көз да жолугушуу өткөрүшү ыктымал.

Эскерте кетсек, 16-июнда Жо Байден менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусу болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM