Биз менен байланышыңыз

Марипов депутаттар кадрдык маселеге кийлигишип жатканын айтты (видео)

Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 989 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңеште өткөн жыйында парламенттин депутаттары кадрдык маселеге кийлигишип жатканын билдирди.

Парламенттеги жыйында Министрлер кабинети антикризистик программасы жана сугат суу маселеси боюнча маалымат берди.

Жыйында депутат Умбеталы Кыдыралиев Министрлер кабинетинин иши тууралуу сөз кылып жатып, Мариповдун командасындагы кадрларды сынга алды.

Марипов алар колунан келгенин жасап, иштеп жатканын айтып, кадр маселеси боюнча да сүйлөдү.

«Бардык маселеге өкмөт күнөөлүү. Бирок жоопкерчилик берип жатасыңарбы, эч ким кийлигишпесин анда. Мен ачык айтып коёюн, муну эл да уксун. Бирөөнүн кадрын койбосом, мен жаман болуп жатам. Ал (кадрдык – ред.) резервде болбосо, менин кандай күнөөм бар?» — деди ал.

Жыйында депутаттар кадр маселесине ким кийлигишкенин ачык айтсын дегенде, Марипов Бактыбек Райымкулов бир таанышын Панфилов районунун акимине биринчи орун басар кылып дайындоосун суранганын айтты.

«Бактыбек Кемелбекович бир таанышын Панфилов районуна биринчи орун басар кылып коюп бер деди. Макул карап көрөлү дедим. Сурап калдыңар, ачык айтайын. Биринчи орун басар деген, бирок коё алган жокмун», — деди ал.

Райымкулов Мариповдун сөзүн бышыктап Мариповго бир жолу чалганын айтты, бирок ал айткан адам бардык сынактан өткөнүн билдирди.

«Бирок силер кантип дайындап жатасыңар бир Кудай билет», — деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM