Биз менен байланышыңыз

«Элим барсыңбы?!» Баткен облусунан 150 баланы Ысык-Көлдө эс алдырат

Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 790 | 0

«Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фонду Баткен облусунан келген 150 баланы Ысык-Көлгө эс алдырат. Бул тууралуу аталган фонддун жетекчиси Айдар Кубанычбеков «Маралга» билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн 17-июнда Баткен облусунун ар кайсы айылынан келген балдарды Бишкек шаарында тосуп алышты. Аларды «Ала-Тоо» эл аралык университети тосуп алып, чакан белектерин тартуулап, окуу жайда сый тамак берген.

«Элим барсыңбы?!» кайрымдуулук фонду Баткен облусунан келген 150 балага Ысык-Көлгө 5 күндүк жайкы эс алууну акысыз уюштурат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM