Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Кытай лидерин видеокайрылуу аркылуу куттуктады

Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 338 | 0

Президент Садыр Жапаров  17-июнда Кытайдын төрагасы, Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчысы Си Цзиньпинди Кытай Коммунисттик партиясынын 100 жылдыгы менен куттуктады.

Садыр Жапаровдун куттуктоосунун видео жана тексттик варианттары президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Анда Кытай Коммунисттик партиясы 1921-жылы түптөлгөндөн тарта кытай элин жетектеп келгени айтылат. Кытай Эл Республикасы түзүлүп, улуту өнүгүү жолуна түшкөн. Кытай Коммунисттик партиясынын жетектөөсү астында Кытай реформа саясатын ийгиликтүү жүргүзө алды.

«Сиздин даанышман жетекчилигиңиз астында Кытай биринчи 100 жылдык максатын толугу менен ишке ашырды. Жакырчылыкты жоюу күрөшү толук ишке ашты, жашоо деңгээли боюнча орточо жетиштүү коом түзүлдү. Кытай Эл Республикасы түзүлгөндөн тарта көз карандысыз жана тынч дипломатиялык саясатты, дүйнө жүзүндө тынчтыкты сактоону, бүткүл дүйнө жүзүнүн жалпы өнүгүүсүн илгерилетүүнү колдоп келет. Ошону менен бирге адамзаттын прогрессивдүү ишин илгерилетүүдө эбегейсиз роль ойнойт. Сиз сунуштаган «Адамзаттын бирдиктүү тагдыры жамаатын» куруу идеясы чоң тарыхый мааниге ээ, ал адамзаттын өнүгүү жана алдыга илгерилөө багыттарын көрсөттү, ошондой эле дүйнө коомчулугуна кеңири таанылып, мактоого ээ болду», — деп айтылат куттуктоодо.

Кыргызстан менен Кытай — ынак коңшу, достук мамиледеги жана стратегиялык өнөктөш мамлекеттер. Кыргызстан «Бир алкак – бир жол» долбооруна активдүү катышууда. Кытай менен бирге көптөгөн пайдалуу долбоорлор ишке ашырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM