Биз менен байланышыңыз

Бишкек жана Ошто ЖРТга кошумча каттоо жүргүзүлүүдө

Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 464 | 0

Бишкек жана Ош шаарларында жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу үчүн кошумча каттоо жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окуу усулдары борбору билдирди.

Быйыл тестирлөө 17-21-май күндөрү өткөрүлгөн. Бирок аталган борбор ал сынакка катыша албай калган абитуриенттер үчүн кошумча тестирлөө өткөрөт. Май айында каттоодон өтүп, бирок сынакка келбей калган абитуриенттер да кошумча тестирлөөгө катыша алат. Алар кайра каттоодон өтүшү керек болот. Ошол эле учурда май айында сынактан четтилгендер кошумча каттоодон өтө алышпайт.

Тестирлөөгө каттоо 14-июнда башталган. Ал 21-июнда аяктайт. Каттоо Бишкекте №24 мектеп-гимназиясында (Тыныстанов көчөсү 110 дареги боюнча) жана Ош калаасында шаардык билим берүү бөлүмүндө (Ош шаары, Ленин көчөсү) жүргүзүлүүдө.

Тестирлөө Бишкек жана Ош шаарларында 22-23-июнда өткөрүлөт.

Каттоодон өтүү үчүн тест үчүн акча төлөгөндүгү тууралуу квитанция (бир тестке 370 сом, акча РСК Банкына төлөнөт), 3х4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт, өзүн күбөлөндүргөн документ (паспорт), аттестат же диплом талап кылынат. Мектепти быйыл аяктап, аттестат ала элек бүтүрүүчүлөр мектебинен сүрөтү чапталып, мөөр басылган маалымкат алып келиши керек. Аталган документтери жоктор каттоодон өткөрүлбөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM