Connect with us

Жаан жаап, күндүн табы 37 градуска чейин көтөрүлөт

Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 487 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 18-июнда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаайт, тоолуу райондорго кар түшөт.

Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда, Жалал-Абад, Ош облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;

Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 32…37 градуска чейин көтөрүлөт;

Ысык-Көлдүн аймагында түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Нарын дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында 18-июнда түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 31…33 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM