Биз менен байланышыңыз

Издөөдө алынган 28 кыргызстандыктын Орусияда жүргөнү аныкталды

Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 955 | 0

Ар кандай кылмыштарды жасаганы үчүн издөөгө алынган 28 кыргызстандык Орусиянын аймагынан табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Анын ичинен 6 жаран кармалып, Кыргызстанга өткөрүлүп берилмей болду.

Кармалган жарандар «каракчылык», «баңгизатты мыйзамсыз сатуу», «жасалма документ», «мамлекеттик жана коомдук мүлктү уурдоо», «чоң уурулук», «ири алдамчылык» беренелери боюнча издөөдө жүрүшкөн.

Азыркы учурда аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргызстандын тийиштүү органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүп берүү маселелери чечилүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM