Биз менен байланышыңыз

17-19-июнь күндөрү «Эмгек дүйнөсү» онлайн саммити өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 475 | 0

17-19-июнь күндөрү «Эмгек дүйнөсү» онлайн саммити өтөт. Ага дүйнө лидерлери, өкмөт өкүлдөрү, жумушчулар жана жумуш берүүчүлөр катышат.

Саммитте COVID-19дун эмгек рыногуна тийгизген таасири, бул тармакта жакшы шарттарды түзүү маселелери талкууланат.

Жолугушуунун биринчи күнүндө Рим папасы Франциск, АКШ президенти Жо Байден, Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин, Конго Демократиялык Республикасынын президенти Феликс Антуан Чисекеди Чиломбо жана Португалиянын өкмөт башчысы Антониу Кошта сөз сүйлөйт.

Алардан кийин Эл аралык эмгек уюмунун башкы директору Гай Райдер, Эл аралык жумуш берүүчүлөр уюмунун башкы катчысы Роберто Суарес Сантос, Эл аралык кесиптик кошуундар конфедерациясынын башкы катчысы Шарон Барроу чыгып сүйлөйт. Саммиттин жүрүшү www.ilo.org/ilclive сайтында түз көрсөтүлөт.

Саммиттин башка күндөрүндө БУУнун өкүлдөрү, өлкө министрлери ж.б. сүйлөп, талкуулар жүрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM