Биз менен байланышыңыз

Футбол: Азия Кубогунун тандоо оюндары 2022-жылдын 1-февралында башталат

Кыска кабар , Спорт | 17 Июн 2021 | 1461 | 0

Футбол боюнча Азия Кубогунун тандоо оюндарынын кийинки баскычы 2022-жылдын 1-февралында башталат. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмеси билдирди.

Кыргызстандын курамасы Дүйнө чемпиондугунун тандоо оюндарын уланта албай калгандыктан, эми «ак шумкарлар» Азия Кубогуна өтүү үчүн ат салышат. Белгилей кетсек, Кыргызстан Дүйнө чемпиондугунун тандоо оюндарында өз тайпасынан чыга алганда, Азия Кубогунун финалдык баскычына дароо өтмөк.

Кыргызстандын футбол бирикмеси билдиргендей, 24 курама төрттөн 6 тайпага бөлүнүп, «үйдө жана конокто» ойношот. Алардын оюндары 2022-жылдын 1-февралында башталып, 27-сентябрда аяктайт. Азырынча тандоо оюндарына катыша турган 22 кураманын аты белгилүү: Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Кувейт, Филиппин, Иордания, Бахрейн, Палестина, Индия, Малайзия, Түркмөнстан, Мальдив Республикасы, Непал, Гонконг, Ооганстан, Сингапур, Монголия, Таиланд, Шри-Ланка, Мьянма, Йемен, Бангладеш. Ошондой эле калган эки орун үчүн Индонезия, Камбоджа, Гуам жана Кытайлык Тайбэй ат салышат.

Азия Кубогу 2023-жылы Кытайда 16-июндан 16-июлга чейин өтөрү белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM