Connect with us

COVID-19: Бишкек, Чүй жана Ош облустарына баруу чектелет

Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 1907 | 0

COVID-19 боюнча республикалык штаб эпидемиологиялык абал оорлоп жаткандыктан аймактар аралык катташууга, айрыкча, Бишкек, Ош шаарларына, Чүй, Ош облустарына барууга чектөө киргизүүнү сунушташты.

Жарандардан медициналык беткап тагынуу, колду дезинфекциялоо, социалдык аралыкты сактоо сыяктуу санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана эрежелерди сактоосун суранышты. Ошондой эле массалык иш-чараларга, эл көп кирген коомдук тамактануу жайларына барбай туруусун өтүнүштү.

Бишкекте 17-июндан тарта көңүл ачуучу жайлар менен тамактануучу жайлардын ишине айрым чектөөлөр киргизилди.

Мындай чечим 16-июнда Бишкек мэриясында өткөн эпидемия жана эпизоотияга каршы комиссиясынын отурумунда кабыл алынган.

Шаардагы түнкү клуб, ресторан, коомдук тамактануу жайларына, кафе, караоке жана барларга түнкү саат 23:00дөн 07:00гө чейин иштөөсүнө тыюу салынат. Ошол эле учурда тамакты алып кетүү менен жеткирип берүү кызматына чек коюлбайт.

17-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 787 адамдан табылды. Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында — 368, Ош шаарында — 97, Чүй облусунда — 130, Ош облусунда — 96, Талас облусунда — 11, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 20, Жалал-Абад облусунда — 38, Баткен облусунда — 25 адамдан коронавирус аныкталды.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 112 миң 777 учур катталды. Анын ичинен 103 миң 930 адам оорудан айыгып чыкты, 1 миң 916 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM