Биз менен байланышыңыз

Аялдар шайлоого көп катыша баштады. Бакашова БУУга ыраазычылык билдирди

Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 333 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен шайлоо маселесин талкуулады.

Бакашеванын айтымында, 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун жыйынтыгы боюнча аялдар 38% депутаттык мандатка ээ болгон. Бул — Кыргызстандын БУУ менен жемиштүү кызматташтыктын натыйжасы.

«Парламенттик шайлоолордо да бул жаатта жакшы натыйжалар орун аларына ишеним билдирем», — деди Жылдыз Бакашова.

Кыргызстанда БУУнун көмөгү менен гендердик теңчиликтин 2021-2030-жылдарга улуттук стратегиясы иштелип чыкты.

Мындан тышкары Баткен окуясынан кийин аялдарга жана кыздарга каршы зомбулуктун бардык түрүнө каршы күрөшүүгө багытталган «Луч света» демилгесине Баткен жана Лейлек райондорун кошуу маселеси талкууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM