Биз менен байланышыңыз

Бирдиктүү салык декларациясын дээрлик 500 миң жаран тапшырды

Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 262 | 0

Мамлекеттик салык кызматы бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун алдын ала жыйынтыктарын чыгарды.

2021-жылдын 16-июнуна карата Бирдиктүү салык декларациясын 493 миң 488 жаран тапшырган. Анын ичинен 160 миң 319 декларация электрондук түрдө берилген.

Декларация тапшыргандардын 49 миң 918и уюмдар, 215 миң 474ү жеке ишкерлер.

Мындан тышкары, мурдагы жылдагы кирешеси боюнча декларация тапшырууга жетишпей калган 183 миң 19 жаран эки жылдык кирешесинин отчетун берди.

Декларациялык кампания быйыл жыл башынан тарта 1-мартка чейин юридикалык жактар жана 1-апрелине чейин жеке жактар үчүн өткөрүлдү.

Жеке жактарга: мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патент боюнча иштегендер, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн ээлери, анын ичинде жер участогу барлар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM