Биз менен байланышыңыз

Итибаев: Баткенге ЕАЭБдин промзоналарын ачуу керек

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Июн 2021 | 476 | 0

Баткен облусуна инвестиция тартуу үчүн ал жакта Евразиялык экономикалык биримдиктин өндүрүш аймактарын ачуу керек. Мындай пикирин Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосунда ошондой өндүрүштүк аймак бар. Анын ички дүң продукциясынын көлөмү жылына 100 млн доллар. Жумушчулары Түндүктөн, технология менен акча Түштүк Кореядан.

«Мен бул сунушумду 2014-жылдан бери айтып келе жатам. Лейлек эркин эконогмикалык аймак 100 гектар жери менен бар. Ал жер Тажикстан менен чектеш, ортосун суу эле бөлүп турат. Биз Орусия, Белоруссия,  Армения, Казакстандын колдоосу менен Евразиялык экономикалык биримдиктин чөлкөмүндө экспортко арналган, күнүгө бут кийимден баштап, баш кийимге чейин чыгаруучу ишканаларды ачсак болот. Ал жерде кайтаруу жакшы болушу керек. Ошондо Пакистанга чейин экспортко чыгарганга жакшы шарт түзүлмөк. Тилекке каршы, Кыргызстан аны сунуш катары Москага жеткире албай жатат», — дейт Итибаев

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM