Биз менен байланышыңыз

Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган логотип тартуу сынагы жарыяланды

Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 1040 | 0

Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган логотиптин эскизин даярдоо сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Сынакка кесипкөй сүрөтчүлөрдөн тарта живопись, графика адистигинде билим алып жаткан студенттерге чейин катыша алат. Эскизди жалгыз автор же автордук жамаат даярдаса да болот.

Кабыл алуу 25-июнга чейин жүргүзүлүп, келип түшкөн материалдар 5-июлда каралып, логотиптин эскизи тандалат.

Сынактын катышуучуларынын аты-жөнү жыйынтык чыкканга чейин жарыяланбайт. Тапшырылган материалдар рецензияланбайт жана кайра кайтарылып берилбейт.

Сынактын иштерин кароо тартиби жана критерийлери:

— идеянын өзгөчөлүгү;

— эстетикалык таасиринин деңгээли;

— сапаттуу жана көркөм деңгээлде аткарылышы.

Сунушталган долбоорлорду тандап алуу иштерин Сүрөтчүлөр союзунун, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн калыстар тобу жүргүзөт.

Мыкты деп табылган  логотиптин эскизи расмий документтерде, ошондой эле ар кандай коомдук иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө пайдаланылат. Сынактын жалпы байге фонду — 50 миң сом.

Катышуучу эмблеманын эскизинин идеяларын түшүндүрмөлөрү менен аты-жөнү, туулган жылы, билими жана адистиги, электрондук дареги, байланыш телефондорун тапшыруусу зарыл.

Сынактын материалдарын даярдоодо сүрөт тартуунун бардык ыкмаларын, компьютердик графиканы да пайдаланууга уруксат берилет.

Сунушталган кагаз түрүндөгү үлгү А4 форматынан кичине болбошу керек. Ал эми компьютердик графика электрондук вариантта кабыл алынат.

Логотиптин үлгүсү төмөнкү даректе кабыл алынат: 720040, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78. Улуттук маданий борбор. Телефон:  66-24-04. Электрондук дарек: ncc07@mail.ru

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM