Биз менен байланышыңыз

Путин менен Байден алгачкы жолугушуу кандай өткөнүн айтып берди

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 526 | 0

Кечээ, 16-июнда Женевада өткөн жолугушуудан соң Орусия президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Жо Байден журналисттерге сүйлөшүүлөр тууралуу айтып беришти. Бул Байден президент болуп шайлангандан кийинки Путин экөөнүн алгачкы жолугушуусу болду.

Башында айтылгандай эле эки президент биргелешкен маалымат жыйын өткөргөн жок. Алгач журналисттерге Путин, андан кийин Байден чыкты.

Путиндин айтымында, сүйлөшүү учурунда «эч кандай кастык болгон жок». Москва менен Вашингтондун бир катар маселелер боюнча ача пикири болгону менен эки тарап бири-бирин түшүнүүгө ниети бар экенин көрсөтүп, маектешүү конструктивдүү өткөн.

Жолугушууда Байден Путинди, ал АКШ президентин өз өлкөсүнө келип кетүүгө чакырган эмес.

«Президент Байден мени конокко чакырган жок. Мен да андай сунуш айткан жокмун. Менимче, андай жолугушуу, сапарлар үчүн шарт-жагдайлар бышып жетилиши керек», — деди ал.

АКШ президенти да жолугушуудан канааттанганын билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүү жакшы маанайда өттү.

«Басым кылуу аракеттери болгон жок. Бири-бирибиз менен макул болбогондо, мен аны айтып, себебин түшүндүрүп жаттым. Ал макул болбогондо, ал айтып жатты.

Биринчиден, биз жалпы кызыкчылыктарыбызды алдыга чыгаруу жана дүйнөгө пайда алып келүү үчүн биздин өлкөлөрдүн кызматташуу тармактарын белгиледик. Экинчиден, АКШ биздин жана биздин союздаштардын кызыкчылыктарына кедергисин тийгизген аракеттерге жооп кайтарарын ачык билдирдим. Үчүнчүдөн, биздин өлкөнүн артыкчылыктары жана баалуулуктары тууралуу айттым», — деди ал.

Эки президент сүйлөшүүлөр «жакшы маанайда» өткөнүн айтканы менен, жолугушуудан ашыкча нерселерди үмтөтпөгөнүн да белгилеп өтүштү.

Президенттер жалпысынан эки өлкөнүн элчилери, Навальный, өзөктүк курал, абакта жаткан жарандарын алмашуу, киберкоопсуздук ж.б. маселелерди талкуулашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM