Биз менен байланышыңыз

Муфтийликке 9 талапкер ат салышат. Тизме

Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 785 | 0

Кыргызстандын муфтийлигине талапкерлерди каттоо аяктады. Бул тууралуу Аалымдар кеңешинен кабарлашты.

Муфтийликке талапкерлер:

-Нурбек Токтогулов;

-Султанали Гапуров;

-Шүкүр Исмаилов;

-Нематилла Жээнбеков;

-Ниязали Арипов;

-Убайдулла Сарыбаев;

-Шакир Маматов;

-Сайдамир Джейналиев;

-Замир Ракиев.

Муфтийлик кызматка тандоо турунан өткөн талапкерлер эми 24-июнда сынакка катышат. Муфтийди шайлоо 26-июнда өтөт.

Буга чейин Азирети муфтийди шайлоо апрель айына белгиленип, белгилүү себептерден улам май айынын аягына жылдырылган эле.

Быйыл 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Максатбек ажы Токтомушев УКМК тарабынан Муфтияттагы каржылык маселелер боюнча айыпталып камалган. 12-февралда үй камагына чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM