Connect with us

Бишкектеги турак үйлөргө ысык суу бериле баштады

Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 497 | 0

Бишкектеги турак үйлөргө ысык суу бериле баштады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Ысык суу алгач социалдык мекемелерге — ооруканаларга, мектеп, бала бакчаларга берилет.

Бишкекте быйыл 17-майда ысык суу бир айга өчүрүлгөн. Өчүрүү жыл сайын жүргүзүлүүчү техникалык тейлөө иштерине жана жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө тутумдарын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.

«Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасы калаанын батыш тарабын: Жал кичи району, Газ шаарчасы, Аскер шаарчасы жана Совмин конушун тейлейт. Байланыш: 212906, 0701 777110 (WhatsApp).

Калган керектөөчүлөрдүн бардыгын ысык суу менен «Бишкек жылуулук тармагы » ААК камсыз кылат: 1980, (0312) 61-11-69.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM