Биз менен байланышыңыз

«Бийликтин төңкөрүш жолу менен алмашканы инвестициялык климатка таасир этти»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Июн 2021 | 344 | 0

Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда инвестициялык процесстер басаңдап калды. Мындай пикирин Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын пикиринде, Кыргызстанда инвестициянын солгундашына пандемия таасир этти, бирок негизги себеби бийликтин конституциялык жол менен эмес, төңкөрүш жолу менен алмашканы болду.

«Бул учурда бирден-бир себеп болуп турат. Бийликтин төңкөрүш менен алмашканы инвестиция үчүн суук кабар. Акча тынчтыкты сүйөт. Ынтымак жок жерде акча азыраак кире баштайт. Бул — мыйзам ченемдүү көрүнүш», — дейт ал.

Статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2021-жылдын 1-кварталында өлкөгө 112 млн доллар кирсе, 479 млн доллар чыгып кеткен. Бул тенденция кризистин белгиси.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM