Биз менен байланышыңыз

Женевада Путин менен Байдендин жолугушуусу өтүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июн 2021 | 545 | 0

Женевада Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Жо Байдендин жолугушуусу өтүүдө. Бул тууралуу «ТАСС» агенттиги жазды.

Алгач эки президенттин жолугушуусу тар курамда башталган. Ага Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен катышкан. Андагы сүйлөшүүлөр болжол менен 1 саат 45 мүнөткө созулган.

Бир аз тыныгуудан кийин жолугушуу кеңейтилген курамда уланган.

Жолугушуу Женевадагы Ла-Гранж вилласында өтүүдө.

Москва убактысы боюнча саат 19:00дө Путин маалымат жыйын өткөрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM