Connect with us

Кыргызстанда 41,5 миң адам жаңы биометрикалык паспорт алышты

Кыска кабар | 16 Июн 2021 | 356 | 0

3-майдан бери Кыргызстанда 41,5 миң адам жаңы үлгүдөгү чет элдик биометрикалык паспортторду алды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, биометрикалык паспорт даярдатуу үчүн документтер 3-майдан тарта кабыл алынып баштаган. Андан бери 75 миң 650 адам документ тапшырган. Паспорттун баасы 885 сом турат.

«Чет элдик биометрикалык паспортторду алуу үчүн документтер бардык калкты тейлөө борборлорунда, аймактык паспорт бөлүмдөрүндө жана Кыргызстандын чет элдеги мекемелеринде кабыл алынат», — деди Каттоо кызматы.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM